Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 11:52
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Сүйүнбек Касмамбетов: Президент жаңы имаратты өзүнө салып жаткан жок, ал өлкөнүн күзгүсү болот

22.04.2022 09:04
674
Сүйүнбек Касмамбетов: Президент жаңы имаратты өзүнө салып жаткан жок, ал өлкөнүн күзгүсү болот

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов президенттин администрациясынын жаңы курула турган имараты тууралуу пикирин билдирди. Бул тууралуу ал "Регион" телеканалына берген маегинде айтып берди.


Анын айтымында, азыр президент отурган имаратка эки жылдан кийин 70 жыл болот.


"Президенттин администрациясы үчүн жаңы салына турган имараттын курулушун колдошубуз керек. Анткени азыр президент отурган имаратка эки жылдан кийин 70 жыл болот. Бул имаратта канчалаган залкар мамлекет башчылары отурду. Аны унутпашыбыз керек. Бирок азыркы тез өнүгүп жаткан дүйнөнүн да талаптарын канааттандыруу керек.


Ушул бойдон отура бербей алдыга жылыш керек. Президент ал имаратты өзүнө салып жаткан жок. Президент менен канчалаган мамлекет башчылары келип жолугат, жогорку деңгээлдеги эл аралык жыйындар өтөт. Жаңы имарат өлкөнүн күзгүсү болот.

Садыр Жапаров кеткенден башка президент келет. Ошондуктан мындай долбоорлорду ишке ашырууну колдошубуз керек",- деди мамлекеттик катчы.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн