Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 10:17
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Сүйүнбек Касмамбетов: Жаңы Администрациянын максаты - жалпы ишти ыкчам жүргүзүп, тез уюштура ала турган аппаратты түзүү

24.06.2021 14:26
6569
Сүйүнбек Касмамбетов: Жаңы Администрациянын максаты - жалпы ишти ыкчам жүргүзүп, тез уюштура ала турган аппаратты түзүү


- Сүйүнбек Сапарбекович айтсаңыз, буга чейин мамлекеттик кызматтарды реформалоо боюнча көптөгөн ойлор, сунуштар айтылып келген эле. Анын ичинде Президенттин Администрациясын жаңылоо боюнча сиздер бир топ кадамдарды жасагандай болдуңуздар. Ошол аракеттер кандай нукта ишке ашты?

- Ооба, биринчиден, Президент Садыр Нургожоевич Жапаров шайлоо маалында, жолугушуу учурларында, кайрылууларында мамлекеттик органды, аппаратты ыкчам түзүш керек деген идеяны сунуштап, көпкө чейин айтып келди. Бул боюнча нормалар жаңы кабыл алынган Конституцияга да кирди. Администрацияны түзүүнүн максаты эмне эле? Биринчи эле максаты жалпы ишти, макулдашуу иштерин ыкчам жүргүзө алган, тез уюштура алган мамлекеттик аппарат түзүү болгон.

Экинчиден, Администрацияга келип түшкөн кандай гана кайрылуу, сунуштар болбосун же мамлекеттик органдардан келип түшкөн айрым нормативдүү документтер болбосун, тез аранын ичинде тиешелүү корутундуларды алып, тиешелүү экспертизалардан өткөрүп, тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашып, кол коюуга тез кириши керек эле. Бул маселе эмнеден келип чыкты? Мурда макулдашуу мөөнөтү 3 айдан 6 айга чейин созулуп кетчү. Документтер министрликтерде, түзүмдүк бөлүмдөрдө туруп калчу. Буларды ыкчамдатуунун бирден бир жолу Өкмөттүн Аппараты менен Президенттин Аппаратын бириктирүү, бириктиргенде да ал жөн эле механикалык түрдө кошулупкалбагандай кылып бириктирүү, бир эле бөлүмдүн ичинде бир нече функционалдык милдеттемелерди ишке ашыруу керек болгон. Мына ушул үч максаттын негизинде Президенттик Администрация түзүлдү. Түзүү иштери өтө тез убакытта жана ыкчам жүрдү. Эмне себептен? Биринчиден, бул иш январь айында эле башталган. Ошол учурда эле биз бөлүмдөрдүн иштерин - кимдер эмне милдеттерди аткарып келгендигин анализга алдык.

Экинчиден, бири-бирин кайталаган бөлүмдөрдүн милдеттерин функционалдык анализден өткөрдүк. Үчүнчүдөн, экинчи этапта жыйынтыкка чыгыш үчүн кайсы бөлүмдөрдү кошсо болот, кайсы бөлүмдөрдү убактылуу реформанын биринчи этабында бөлөк кармап турушубуз керек, аларды кайсы этапта бириктиребиз - ошол ар бир бөлүмдүн функционалдык милдеттерин анализдеп чыктык. Анан чечимге келдик дагы, жыйынтыгында тогузга жакын бөлүм бирикти.

Мурда 370-400гө жакын кызматкер иштесе, бүгүн 300 кызматкер иштейт. Көп бөлүмдөр кошулду. Алар - саясатты жана багытты аныктоочу жана ишке ашыруучу бөлүмдөр. Келечекте булар дагы биригет. Биринчи этапта биз ушул иштерге жетише алдык. Келип түшкөн бардык кайрылуу, сунуштар боюнча ыкчам макулдашууну жүргүзгөнгө жетише алдык.

- Демек, биринчи этабында бириктирүүгө өзгөчө көңүл бурган турбайсыздарбы? Экинчи этабы кандай ишке ашат?

- Бардык макулдашуулардан өткөн чечимдердин, жарлыктардын, токтомдордун долбоорлору кол коюуга даярдалат. Мурда бул процесс дагы көптөгөн экспертизалык корутундуларды талап кылчу. Көптөгөн каттар, ортодо жөнү жок кат алышуулар – министрлик менен бөлүм кат алышып, алар экспертизалык уюмдарга кайрылып, коомдук пикирди эске алып дегендей процесстер аябай көп болгон. Азыр болсо кайсы документ даярдалып жатса, түз эле президенттик сайтка, коомдук талкууга чыгат. Бул багытта ошол тармакта көп иштеген мамлекеттик ишмерлер, мурдагы кызматкерлер, экс-жетекчилер менен интервьюларды уюштурдук. Мында кайсы багыт туура боло тургандыгы өзү эле аныкталып калып жатты. Мурда коомдук пикир менен иштөө азыраак болчу. Сынга кабылып, туура эмес чечим болуп калды деген көрүнүштөрдөн качкыбыз келди. Биз экинчи этапта, алгач эле коомдук пикирди эске алдык. Экинчиден, бир эле Администрациянын курамынын ичинен - бир эле жерден эксперттик топ дагы, баалоо тобу дагы, даярдоо, макулдашуу тобу дагы чыгып калды. Ошондуктан, мурдагыдай 3 айлык, 6 айлык макулдашуулар болбой, азыр 15-20 күн, көп болсо бир айдын ичинде макулдашуукагаздары жетекчилердин столуна кирип калды. Ишибиз ыкчамдады.

- Кайра түзүү этабы качан жыйынтыкталат?

- Менин оюмча, бул иш дагы созулат. Себеп дегенде, айрым учурларда чечимдерибизди өзгөртүп жатпайбызбы. Аларкоомчулукта ар кандай кабылданып жатат. Жаңы эле дайындалган кызматкер же Министрлер Кабинетинин мүчөсү 15 күндөн кийин кайра кызматтан кетип калган учурлар болуп жатат. Мындан 20 күн мурда кошулган мамлекеттик уюмдардын кээ бирлерин ажыратып, кээ бирлерин кайра коштук, кээ бир жаңы тутумдарды түздүк. Маселен, Инвестиция министрлиги, Экология боюнча комитет өзүнчө бөлүнүп чыкты. Биз муну апрель-май айынын ичинде бөлгөндө кандай функционалдык иштер ыкчамдайт, кайсынысы токтоп калат деп анализге алганбыз. Ошонун негизинде Президент Садыр Нургожоевичке, Улукбек Асамидиновичке биздин анализдин – Администрациянын бөлүмдөрүнүн сунуштарынын негизинде, “ушундай чараларга барсак, ийгиликке жетише алабыз” деп сунуштамаларыбызды киргиздик. Биз ушундай чечимдерге барып жатабыз. Албетте, түшүндүрүү иштерин дагы жүргүзүп жатабыз. Бул азыр оңдоп-түзөө, жөлөп-таёо процесси. Кээ бир органдар иштерин жаңы эле баштады. Ошондуктан, бириктирүүнүн чоң ийгилиги – уюшкандык, ыкчамдык жана макулдашуу маселелеринин кыскаргандыгы.

- Мына ушул оптимизация дейбизби, реформа дейбизби, ушул иштердин жыйынтыгында кандай натыйжалар күтүлөт?

- Менин оюмча, мындан аркы иш-аракеттерибизде, мамлекеттик органдардын ишинде, өлкөбүздүн биринчи жетекчилеринин иш-аракетинде алешемдиктерди көп кетирбөөгө аракет кылып жатабыз. Экинчиден, келген сунуштар ар кандай – бир күндө мынча инвестиция алып келебиз деген жарандарыбыз бар, бир жылда алып келебиз дегендер бар. Алардын тастыктоо иштери мурда аябай көпкө созулуп, эл аралык каржы уюмдарына чейин кат жазылчу. Азыр мындай иштерди биздин бөлүмдөр эрте баштап жатат. Себеби пландоо иштерин эрте даярдап, бир ай мурда жетекчилердин столуна кирип жатат. Мага, Министрлер Кабинетинин Төрагасына, Президентке киргизилет. Себеп дегенди биз бир эле тутумдун ичине ошол кызматтарды отургуздук. Келечекте ыкчамдык болот, жоопкерчилик күчөйт деп ойлойм. Жөнү жок созуу маселелерине жоболор менен мөөнөттөр белгиленипкөрсөтүлүп жатат. Негиздүү кат менен гана аткаруу мөөнөтү жылдырылат. Ансыз мурдагыдай кол коюп эле аткаруу мөөнөтүн жылдырып коюу мүмкүнчүлүгү жок.

- Президенттик Администрацияда реформалоо менен бирге район акимдерин ротациялоо иштерин кошо ала жүрдүңүздөр окшойт. Түндүк региондогу акимдерди түштүккө, түштүк региондогуларды түндүккө...

- Туура белгилеп жатасыз. Жарлык кабыл алынган. Атайын биринчи эле Жарлыктар менен кабыл алынган. Жарлык кабыл алынганга чейин Президенттик Аппарат, ал кезде Аппарат деп аталчубуз, комплекстүү иштерди өткөрдү. Бардык акимдер конкурстан өтүштү. Абдан таза, дыкаттык менен өттү. Камералар коюлуп, коомдук уюмдар, мурдагы чоң кызматкерлерибиз комиссияга чакырылып, комиссиянын курамында отурушту. 20га жакын акимдер конкурстан өтпөй калышты. Айрымдары эрте эле арыз жазып кетип калышты. Конкурстун негизинде жеңгендерди биз алдыга жылдырдык. Алдыга жылдыргандан кийин, маселен, түштүк райондордогу акимдерибизге түндүк региондон ошондой эле райондорду сунуштадык. Бул көрүнүш, мындай кадрдык иш алып баруу 70 жыл бою Советтер Союзунда болгон. Өкмөт, партия кайда айдаса ошол жакка барып иштеген.

Азыр биз эмнеден арылдык? Биринчиден, аким жаңы районго келди, анда салыштырма көз караштар пайда болот. Салыштырма деген бул адамдын өнүгүүсүнө, адис болушуна аябай чоң күч, дем берет. Мисалы, Базар-Коргон районундагы көрүнүштөр Жети-Өгүз районуна же Ысык-Көл районуна туура келбей калат. Аларды салыштырат, биринчиден.

Экинчиден, жергиликтүү органдар менен макулдашуу иштери бар. Үчүнчүдөн, ишке жаңыча мамилекылганды, жаңы чечимдерди кабыл алганды үйрөнөт. Төртүнчүдөн, мурда бир акимди жумуштан алганда кырдаалды аябай курчутуп ийгенге чейин барышчу.

Өзүбүздүн уулубуз эле, 20 жыл ушул жакта чоңойгон, ар бир көчөнү билет, ар бир районду билет. Ушул биздин балабызга тийбегиле, калтырып бергиле деп, жолду, акимиатты бөгөп, Жогорку Кеңешке кат жазып, Президентке, Өкмөткө кайрылып биздин балабызды калтырып бергиле” деп келишкен. Ал эмне, түндүктөн баргандар алардын баласы эмеспи? Ушул маселенин баары кан буугандай басылды, биринчиден. Экинчиден, бул көрүнүштү коомчулук жакшы кабыл алды. Жапа тырмак колдоп чыкты. Партиялар, саясий күчтөр, эски жетекчилер колдоп чыгышты. Мурда жумасына, же болбосо айына бир өткөрүлчү планеркалар эми күнүгө өткөрүлүп калды. Анын үстүнө азыр акимдер кандай режимге өтүштү? Күндүз кечке объектилерде, чарбаларда болуп, жыйындар менен жолугушуулар кечки режимге өттү. Администрациянын жыйындары дагы кечки саат алтыдан, жетиден кийин башталат. Министрликтер да ушундай режимге өттү, күндүз ыкчам иштерди бүтүрөт. Ошентип ротация өзүнүн жакшы жемиштерин берип жатат.

-​ Президент 15 жарлыкка кол койгон, ушул боюнча кандай иштер алып барылып жатат?

-​ Бул жумушка жаңы дайындалганда эле, “биз жаңы президенттик башкарууга өтсөк, кайсы жарлыктар керек, эмнеден башташ керек” деп анализ кылдык. Айрым жарлыктардын мазмуну боюнча коомчулукка четин чыгарып, идеяларыбызды айттык, көптөгөн кайчы пикирлерди алдык, колдоо алдык, анан аналитикалык борбор жыйынтык чыгарды. Ошентип биз жарлыктарды пробациядан өткөрдүк, коомчулуктун пикирин уктук, аны эске алдык, жарлыктарды киргиздик. Анан тез эле бул жарлыктар элдик болуп, эл арасына сиңип кетти. Бирок алардын аткарылышына бөгөт коюлуп атат.

-​ Президенттин Администрациясын түзүү процессикачан жыйынтыкталат?

- ​Менин оюмча, 3-5 айдан кийин деп айтыш аябай эле опурталдуу жана мен үчүн алешемдик болуп калат. Биринчиден, мамлекеттик түзүлүштү куроо процесси уланып жатат. Экинчиден, 30дан ашык мыйзамды жаңы кабыл алынган Конституцияга шайкеш келтириш керек. Үчүнчүдөн, мыйзамдык база түзүлгөндөн кийин ошого байланыштуу биздин процесс - Администрацияны реорганизациялоо процесси жыйынтыкталат. Бул процесс ноябрь айларына, жаңы жылга чейин барат го деп ойлойм, себеби жаңы мыйзамдар кабыл алынгандан кийин жаңы структуралар түзүлүп, кээ бири кыскартылып, кээ бири кошулуп кетиши мүмкүн. Бири-бирин кайталабаш үчүн ушул процесске барып, анан аягына чыгат го деп ойлойм. Учурда ишибиз уланып жатат.

- Дагы бир суроо, өлкөнүн 80%дан ашык калкы макулдугун берип, Конституция кабыл алынды. Эми ошол Конституцияны ишке ашырууда кандай баалуулуктардын белгиледиңиздер?

- Биринчиден, Администрациянын, Юстиция министрлигинин күч-аракети менен 60ка жакын мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүүгө туура келди. Анын ичинде эң приоритеттүү делген 35 мыйзамды бөлүп алдык. Себеп дегенде, Конституцияны ишке ашыруу үчүн бир топ мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтириш керек. Мыйзамдар дагы бири-бирине дал келиши керек. Бир мыйзамда башка норма, экинчи мыйзамда башка норма болуп парламентте кабыл алынып калган. Мунун баарын дал келтирүү иштери уланып жатат.

Азыр Жогорку Кеңеште 17дей мыйзам кабыл алынды. Мыйзамдар кабыл алуу процессинде турат. Ар кандай этаптарда каралып жатат. 1,2,3-окуулардан өткөндөрү бар. Айрым мыйзамдарга вето коё турган жагдайлар бар. Себеби, иш, талкуу ошондой болот, баары эле түз кете бербейт. Айрым учурларда Президенттин, Министрлер Кабинетинин өзгөчө позициялары чыгып калат. Мындай учурларда вето коюп, Жогорку Кенештин тиешелүү комитетин менен макулдашуу комиссиясын түзө калып, мыйзамдынмакулдашылган варианты киргизилет. 2-3 мыйзамды ошентип киргиздик. Иш кызуу жүрүп жатат, пландаган иштер ишке ашып жатат. Мыйзамдар коомдук талкууга илинди. Андан өткөндөн кийин Жогорку Кеңештин Регламентине ылайык, кароого киргизилип жатат. Бул биринчи көрсөткүч, мыйзамдарды дал келтирүү боюнча.

Экинчиси мурда Өкмөт мыйзамдарды ишке ашыруу боюнча атайын иш-чаралардын программасын кабыл алып, көп убакыт созулчу. Азыр болсо мыйзамдын өтмө учурларында ошол нормаларды киргизип, ыкчамдатып жатабыз. Мурдагы алты айлык иштер, азыр бир айлык процесс менен бүтүп жатат.

Булак: "Кабар" агенттиги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн