Чындыгын айтыш керек, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов жардамчы жана катчысы менен эле иштеп, кыргыз эли үчүн опол тоодой эмгек сиңирүүдө. Тарыхый баалуулуктарды, идеологиябызды айтып, багыт көрсөтүп, тамырыбыздын терең жана түптүү экенин билдирип келет. Мындайча айтканда, улуттук рухубузду көтөрүп, калың катмарга таанытууда. Мамлекеттин каада-салты, нарк-насили жок болсо, анда багытыбыз да белгисиз, туңгуюк абалга кептелебиз. Дал ушул өңүттөн Сүйүнбек Сапарбекович алгылыктуу иштеп, коомчулуктун көзүн ачып, үлгү көрсөтүүдө. Эгерде алдында аппараты, кызматкерлери жетиштүү камсыздалганда, кыйла дем-күч менен мындан дагы жогорку дараметин көрсөтмөк экен. “Эң оболу сөз болгон...” дегендей, наркыбызды, багытыбызды туура жолго коё беришине тилектешпиз.
Булак: "Азия Ньюс" гезити
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн