Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 06:47
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Сүйүнбек Касмамбетовдун руханий дүйнөгө басым жасаганы - күчтүү өлкөнүн келечеги

12.04.2022 17:04
1053
Сүйүнбек Касмамбетовдун руханий дүйнөгө басым жасаганы - күчтүү өлкөнүн келечеги
  • “Аккан арыктан суу агат” демекчи, кадимки айтылуу манасчы, төкмө акын, “Даңк” медалыны ээси жана Кыргыз
  • Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Сапарбек Касмамбетовдун уулу, биз сөз кыла турган инсан учурдагы мамлекеттик катчы Касмамбетов Сүйүнбек
  • Сапарбекович.


  • Сүйүнбек Сапарбековичтин буга чейинки басып өткөн жолун карасак, көбүнесе мамлекеттик ар кандай жооптуу жетекчилик
  • кызматтарда иштеп, Октябрь революциясынан кийин президенттин
  • аппаратын башкарып, кыйын кырдаалдан чыгууга чоң салым кошкон.


  • 2021-жылдын 12-октябрында президентибиздин жарлыгына ылайык,
  • мамлекеттик катчы болуп дайындалган күндөн баштап кыргыз идеологиясынын башында туруу менен ишин шыр алып кетти.


  • Биринчи күндөн баштап эле маданият тармагын өнүктүрүүдө кыргыз
  • менталитетине ылайык келген идеологияны таап, аны турмушта колдонуу керектиги боюнча иш-чараларды өткөрүп, маданият
  • ишмерлеринин башын бириктирүү менен кенен баарлашып, өлкөбүздүн үрп-адат, каада салтын, тилибизди жана руханий
  • дүйнөбүздү байытууну, ошол эле учурда Кыргызстан элин түзгөн этностук өкүлдөр менен биргеликте ынтымакта жашап,
  • экономикабызды чыңдап, күчтүү өлкөгө айлантуу керек экенин баса белгиледи.


  • Кийинки дагы бир көзгө көрүнөрлүк иш-чаранын бири – элге руханий жана эстетикалык баалуулуктарды тартуулап жүргөн манасчыларды, акындарды жана төкмө акындардын башын бириктирген “Манас театры” уюшулуп, жаңы имаратына көчүрүлдү.


  • Мында биздин руханий дүйнөбүздү толтуруучулардын кубанычында чек жок. Президентибиздин кечээ жакында “той-аш жана сөөк коюу зыйнатындагы ысырапкорчулукту чектөө” максатындагы элге кайрылуусун Сүйүнбек Сапарбекович “ата-бабаларыбыздын үлгү болчу үрп-адат, каада-салтында жакынын жоготуп, аза күтүп турган адамга көз көргөзүп, алыстан топурак салууга келген жакындары боз үйүн, союлчу малын жана башка оокаттарын бөктөрө келип, бир дагы чыгым кылбастан азасын тең бөлүшүп кетчү экен” деп жеткиликтүү кылып айтып берип отурат.

  • Ошондой эле Сүйүнбек Касмамбетов 27-март – бүткүл дүйнөлүк театрлар күнүндө Токтоболот Абдумомунов атындагы улуттук драма театрынын жаңы сезондук спектаклинин ачылыш аземинде сөз
  • сүйлөө менен бирге, театрдын үч жылдан бери ремонту бүтүп, эми минтип жаркырап ачылып, “Манастын уулу Семетей” чыгармасынын негизинде жазылган, жазуучу жана драматург Жалил Садыковдун
  • “Төлгө” спектакли коюлуп атканы чоң жетишкендик экенин, андагы артисттердин чеберчилигин баса белгилөө менен мындан аркы иштериндеги ийгиликтерди каалап, элибизди эстетикалык жана руханий дүйнөсүн толтурууда ак кызмат өтөй берүүсүнө тилектеш экенин билдирди.


  • "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн