Бугу 19, 2024
Убакыт: 23:32
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Сүйүнбек Касмамбетов быйыл Курултай кандай өтөрүн айтты

12.12.2023 10:33
262
Сүйүнбек Касмамбетов быйыл Курултай кандай өтөрүн айтты


Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетовдун жетекчилиги алдында, Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны болуп өттү. Отурумга комитеттин мүчөлөрү, тиешелүү мамлекеттик органдардын жана президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү видео конференц-байланыш аркылуу катышты.

Акыркы күндөрү президенттин администрациясына айрым коомдук ишмерлерден Курултайга катышуу үчүн атайын тизме түзүү сунушу келип жатканын айткан Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, бул жолку Курултайга атайын ардактуу коноктор чакырылбай турганын, Курултай маселелерди реалдуу чечкен, жумуш алып барган аянтча болоорун билдирди.

Белгилей кетсек, “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” президенттин Жарлыгына ылайык, атайын же кошумча тизме түзүү каралган эмес. Элдик Курултайга быйыл шайланган делегаттар гана катыша алат, алардын саны – 700 адамдан турат. Анын ичинен республиканын бардык аймактарынан – 640, этностук өкүлчүлүктөрдөн – 30 жана чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан – 30 делегат.

Кошумчалай кетсек алдыдагы Курултайга делегаттардан сырткары Элдик Курултайга Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышат.

Элдик Курултай 2023-жылдын 15-16-декабрь күндөрү президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Бишкек шаарында өткөрүлөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн