Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 06:46
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Сүйүнбек Өмүрзаков, ЖК депутаты: “Тынчтык, ынтымак болсо, бардык маселелер аста-секин чечилет”

31.03.2024 11:27
1018
Сүйүнбек Өмүрзаков, ЖК депутаты: “Тынчтык, ынтымак болсо, бардык маселелер аста-секин чечилет”


- Сүйүнбек Абдылдаевич, сиз да азыр округда, шайлоочулар менен жолугушуп жүрсөңүз керек. Жолугушуу учурунда кандай көйгөйлөр көтөрүлүп жатат?


- Көп эле көйгөйлүү маселелерди айтып жатышат. Алардын басымдуу бөлүгү социалдык маселелер: мектеп, бала бакча, жол, миграция жана турмуш-тиричилик менен байланыштуу. Дыйкан, фермерлер жер семирткич, үрөн боюнча маселе коюшту.


- Аларды чечүү үчүн кандай иштер жасалышы керек деп ойлойсуз?


- Аларды чечүү үчүн эң биринчи тынчтык керек. Тынчтык, туруктуулук, ынтымак, сабырдуулук болсо, бардык маселелер аста-секин чечилет. Элдин айтуусуна караганда, мамлекет тарабынан бир топ маселелер чечилип жатыптыр. “Рахмат өлкө башчысына, өкмөткө, социалдык маселелер мурдагыга салыштырмалуу чечилип жатат, пенсиялар, айлык маяналар көбөйдү. Бирок, баалар да өскөнүнөн улам, көбөйгөнү билинбей калууда” деп айтышты.


Бул көйгөйлөр көп жылдардан бери чогулгандыктан, албетте, баарын тез арада чечүүгө мүмкүн эмес. Бирок, негизги маселелердин баары акырындап ирети менен чечилет деп ойлойбуз.


Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн