Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Казакстанда өтүп жаткан кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Азия чемпионатынын финалына чыкты.
Тыныбекова 62 кг салмакта мелдештин чейрек финалынан баштап катышууда. Ал алгач өзбекстандык Дильфуза Аимбетованы 4:0 эсебинде утуп, жарым финалга көтөрүлдү. Анда кыргыз кызы япониялык Нонока Озакиге каршы килемге чыкты. Тыныбекова кармаш башталганда эки упай ала алды, бирок Озаки акырындык менен эсепти 2:2ге айлантканга үлгүрдү. Бирок кыргыз спортчусу эки упайлык ыкма жасагандыгы үчүн жеңиш ага берилди.
Алтын үчүн кармашта Тыныбекова монголиялык Орхон Пуревдорж менен күрөшүп, аны 9:5 эсебинде утту.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн