Бугу 18, 2024
Убакыт: 11:21
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Сүйүнчү! ФИФА Борбор Азияда жок спорт комплексти Ысык-Көлгө куруп берет (фото)

23.05.2020 10:28
1729
Сүйүнчү! ФИФА Борбор Азияда жок спорт комплексти Ысык-Көлгө куруп берет (фото)


Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айыл өкмөтүндө Эл аралык футбол федерациясы тарабынан заманбап стилдеги футбол академиясы курулат. Бул тууралуу Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиевдин облустагы иш сапары учурунда белгилүү болду.


Маалыматка ылайык, спорт комплекс Кара-Ой айылынын түштүк-батыш тарабындагы 17,72 гектар жерге салынат. Футбол академиясын курууга ФИФА жана Азия футбол конфедерациясы тарабынан каражат бөлүнөт.


Мындан сырткары, Кыргызстандын өкмөтү 2020-жылдын 11-майында Кара-Ой айыл аймагындагы жайгашкан жерлерди айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына которуу тууралуу токтому чыккан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн