Бугу 05, 2024
Убакыт: 13:47
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Сүйүнчү: Иранда өткөн дүйнөлүк Куран жарышта кыргызстандык кары 2-орунду ээледи

24.02.2023 07:55
261
Сүйүнчү: Иранда өткөн дүйнөлүк Куран жарышта кыргызстандык кары 2-орунду ээледи


Иран Ислам Респуликасында дүйнөлүк Куран жарышы өтүп, ага 80 өлкөдөн карылар катышты. Конкурстун алгачкы туру онлайн суроолордон түзүлүп, финалга 33 өлкө өткөн.


Финал 18-февралдан 22-фералга чейин Ирандын борбору Тегеран шаарында өтүп, жыйынтыктоо аземине Ирандын президенти Аятулла Саййид Ибрахим Раиси катышты. Дүйнөлүк Куран жарышта кыргызстандык Мухаммадяр кары Курбанбеков экинчи орунду камсыздады.  Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.



Атайын критерийлер боюнча өткөн конкурстун жыйынтыгы төмөнкүдөй болду.


Мырзалар арасында Куранды кооз тартил, тажвид жана макоомат менен окуу боюнча:


1-орун – Мухаммад Жавад, Иран Ислам Республикасы;


2-орун – Курбанбеков Мухаммадияр кары, Кыргыз Республикасы;


3-орун Исмаил Хамдан, Ливан.



Учурда Мухаммадяр кары Бишкек шаарындагы Ак-Мечит шаарынын имам-хатиби, «Куран ордо» диний уюмунун директору.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн