Ислам шериктештиги оюндарынын алкагында кыз-келиндер арасында өтүп жаткан мелдеште мекендешибиз Мээрим Жуманазарова алтын медаль тагынды.
Мээрим Жуманазарова финалга чейин Бангладеш, Түркия, Өзбекстан жана Түркмөнстандан келген балбан кыздарды жеңип алган.
Ал эми финалда Казакстандан келген атаандашын жеңип, алтын медаль ээси болду.
Ошентип Мээрим Жуманазарова Кыргызстан үчүн 5-алтынды алып келди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн