Сузак районунда 114 мектеп болсо, анын 49у азыркы учурда окуучуларды кабыл алууда. Буга байланыштуу Сузак РИИБдин кызматкерлери тарабынан окуу процесстери башталган билим уяларында окуучулар менен жолугушуулар өткөрүлүп жатат. Милиция кылмыштуулуктун алдын алуу жана коронавируска каршы түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.
Окуучулар менен класстык бөлмөлөрдө маектешүүлөр орун алып, алардын кызыктарган суроолоруна жооптор берилүүдө. Өспүрүмдөргө ар кандай терс жолдорго түшүүдөн алыс болуу керектиги эскертилди. Тартип сакчылары жаштарды туура багытта билимин өркүндөтүп, келечекте мекенге, кыргыз элине кызмат кылууга чакырышты.
Милиция кызматкерлери аралыктан билим алып жаткан окуучулардын онлайн сабактарына да катышып жатышат. Алардын окуу процессине ылайык түзүлгөн социалдык тармактардагы тайпаларында түшүндүрүү иштери алып барылууда. Окуучуларды кылмыштуулуктан алыс болууга жана жугуштуу илдеттен коргонуу зарылдыгы камтылган үн жазуулар атайын тайпаларга жөнөтүлүүдө.
Мындан сырткары район эли менен тартип сакчыларынын ортосундагы мамилени мындан ары да жакындатууга милициянын көчмө кабылдама унаасы көмөктөшүүдө. Бул унаа менен милиция кызматкерлери район борборунан алыс жайгашкан аймактарга чейин барышып жергиликтүү тургундардын арыз-даттанууларын жеринде кабыл алып келүүдө. Ошондой эле кылмыштуулуктун жана кырсыктардын алдын алууда дагы бул унаа колдонулуп, үн чыгаруучу каражаттар аркылуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Сузак РИИБдин милициянын көчмө кабылдамасы унаасы үстүбүздөгү жылдын 10 айында жалпы 310 атуулдан арыз жана ар кандай маселелердеги кайрылууларды кабыл алган. Алардын ичинен 76сы милицияга тиешелүү болгондуктан бардык маселелер мыйзам чегинде чечилип, калган кайрылуулар тийиштүү мекемелерге жөнөтүлгөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн