Бугу 03, 2024
Убакыт: 01:29
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Сузак районунда 275 орунду жаңы мектеп пайдаланууга берилди

25.12.2023 17:08
647
Сузак районунда 275 орунду жаңы мектеп пайдаланууга берилди


Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Барпы айыл аймагынын Түрк-Абад айылында 275 орунду жаңы мектептин ачылышы болду. Салтанаттуу иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты.

“Заман өзгөрдү, жер тегеренип алда канча алдыга кетти. Биздин балдар жогорку технологиялуу, атаандаштыкка жөндөмдүү, бир кесипке, бир жөндөмгө, бир көндүмгө ээ болуп, оокатка тың балдардан болсун”-деген Акылбек Жапаров мектептин жаңы имаратынын ачылышы менен элеттиктерди куттуктады.

Ошондой эле Акылбек Жапаров чогулган элге мамлекетте жасалып жаткан реформанын натыйжасында жасалып жаткан иштерден азын оолак кеп кылды. Быйыл өлкөнүн бюджети 570 млрд сомго жетти.

Белгилей кетсек Түрк-Абад айылындагы мектепти курууга 20 млн 350 миң сом жумшалып, аны “Ассанабиль” кайрымдуулук фондусу каржылаган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн