Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 18:35
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Сузак районунда 95 үй-бүлөлүк социалдык шаарча пайда болот

26.05.2023 09:25
240
Сузак районунда 95 үй-бүлөлүк социалдык шаарча пайда болот

25-майда Сузак районунун Орто-Сай айылында 96 үй-бүлөгө ылайыкташкан социалдык шаарчанын курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.


Маалыматка ылайык, долбоор "Ас-Сафа Борбору" коомдук бирикмесинин колдоосу астында ишке ашырып жатат. Ага жергиликтүү бийлик 3 гектар жер аянтын ажыратып берген. Шаарчада тигүү цехи, фельшерлик-акушердик пункт (ФАП), азык-түлүк дүкөнү, мечит жана кичи футбол аянтчасы курулат.


Капсула салуу иш-чарасына президенттин өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров, "Ас-Сафа Борбору" коомдук бирикмесинин аткаруучу директору Ибрагим Мальсагов, Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.


Облус башчысы демилге социалдык жактан аз камсыз болгон, турмуштук шарты оор үй-бүлөлөрдү колдоо максатында ишке ашырылып жатканын белгиледи. Шаарчада тургундар үчүн бардык керектүү шарттар жаратылаарын айтып, эл түйшүгүн жеңилдетүүгө жакындан көмөктөшүп жаткан коомдук бирикменин өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди.


Социалдык шаарчада турак жайлар биринчи кезекте көп балалуу жалгыз бой энелерге, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, жашоо шарты оор деп аныкталган үй-бүлөлөргө бөлүштүрүлөт. Курулуш иштерин ушул жылдын күз айларына аяктоо пландаштырылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн