Чын курандын 18, 2025
Убакыт: 15:04
USD
86.90
87.40
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Сузак районунда медреседен өрт чыкты

Сузак районунда медреседен өрт чыкты

Сузак районуна караштуу Комсомол районунда кыздар медресесинен өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.


Маалыматка ылайык, Комсомол айылындагы Насиридинов көчөсүндө аянты 165 чарчы метр мансард тибинде салынган кайрымдуулук мекемеси, кыздар медресесинин чатыры, 26 даана төшөк жана шыбы күйгөн.


16 жана 14 жаштардагы эки кыз өздөрүн жаман сезгендигинен улам тез жардам кызматы тарабынан облустук ооруканага жөнөтүлгөн, күйүк алышкан эмес.


Өрт электр зымдарынын кыска чыңалуусунан келип чыккан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн