Бугу 02, 2024
Убакыт: 21:07
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Сузак районунда мыйзамсыз иштеп келген эки медресе аныкталды

22.05.2023 14:50
715
Сузак районунда мыйзамсыз иштеп келген эки медресе аныкталды

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда мыйзамсыз иштеп жаткан эки жашыруун медресенин ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.


Маалыматка ылайык, Сузак районунун Тотуя айылында 2022-жылдын аягынан бери эркек-аял медреселери эч кандай уруксатсыз иштеп жатканы аныкталды.


Эркектердин медресесинде 9 жаштан 18 жашка чейинки 25тен ашуун бала окуган. Алар медресенин аймагында жашап, жашаган жериндеги орто мектептерге барышкан эмес. Медреседе сабактар күн сайын 08-00-дөн 17-00гө чейин аткарылып турган.


Аялдар медресесинде жергиликтүү тургундардан 40ка жакын аял жана 10 бала билим алып, жума сайын дүйшөмбүдөн бейшембиге чейин саат 09-00дөн 16-00гө чейин сабактар өтүп, жашы жете элек кыздар да орто мектептерге барышкан эмес.


Бул медреселерде диний сабактарды диний билими жок мугалимдер алып барышкандыгы аныкталган, алар негизинен Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан текшерилбеген адабияттарды колдонуу менен Куран окуу жана хадистерди үйрөнүшкөн.


Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча мыйзам бузуулар боюнча актылар жана протоколдор түзүлдү. «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» КР мыйзамынын 8, 10-беренеси, 142-беренесинин 1-бөлүгү, КР «Жол бузуулар жөнүндө» кодексине ылайык 5500 сом өлчөмүндө (ар бирине) айып салынып, ишмердүүлүгү токтотулган.


Мындан тышкары, жашы жете элек окуучулар Сузак РИИБге жеткирилип, ата-энелери менен профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, тиешелүү протоколдор түзүлдү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн