Бугу 03, 2024
Убакыт: 06:46
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Сузак районунда төрт тургун "Йакын-Инкар" идеологиясынан баш тартты

02.03.2023 17:24
385
Сузак районунда төрт тургун "Йакын-Инкар" идеологиясынан баш тартты

Сузак районунун 4 тургуну "Йакын-Инкар" диний экстремисттик кыймылынын экстремисттик идеологиясынан баш тартышты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан өлкөдө диний-экстремисттик агымдарга каршы күрөшүү боюнча профилактикалык иш-чаралардын алкагында "Йакын-Инкар" ДЭКнын мүчөлүгүнөн баш тартуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.


Жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында Сузак районунун жашоочулары: 1970-жылы туулган М.Ш.С., 1983-жылы туулган У.Э.Э., 1988-жылы туулган С.О.М., 1991-жылы туулган С.Б.С., экстремисттик идеологиядан элдин алдында баш тартышкан. Бул адамдар мурда "Йакын-Инкар" ДЭКнын экстремисттик ишмердүүлүгүнө катышып, экстремисттик идеологияны активдүү жайылтып жүрүшкөн.


Жогорудагы жарандар өздөрү тандап алган диний багытынын туура эместигин моюнга алышып, жарандарды бул уюмдун КР аймагында иштөөсүнө жол берилбестиги тууралуу билдирүү менен "Йакын-Инкар" ДЭКнын мүчөлөрүнүн мыйзамсыз кайрылууларына алданбоого чакырышты.


Учурда УКМК тарабынан "Йакын-Инкар" ДЭКнын кылмыштуу ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштер улантылууда, ошондой эле тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдардын катарына тартуунун алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн