Баш оона 21, 2025
Убакыт: 13:40
USD
87.10
87.60
EUR
101.20
102.20
RUB
1.080
1.110

Сузак районунда жаңы суу сактагыч куруу пландалууда

19.08.2025 11:22
57
Сузак районунда жаңы суу сактагыч куруу пландалууда


Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жаңы суу сактагыч куруу пландалууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти.


Суу ресурстары кызматынын жетекчилиги Жалал-Абад облусуна иш сапар менен барып, бардык райондорду кыдырып, суу чарба объектилеринин ишмердүүлүгү жана курулуп жаткан жаңы долбоорлор менен таанышты.


Анда Сузак районундагы жаңы ири долбоор – көлөмү 17 млн м³ суу топтой турган сезондук бассейн (БСР) куруу планы талкууланды. Бул бассейн ишке берилсе Көк-Арт өрөөнүндөгү 19 284 гектар айдоо аянтындагы дыйкандар сугат суу менен туруктуу камсыз болуп, түшүмдүүлүк жогорулайт жана райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө чоң салым кошулат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн