Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 22:45
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Сузак районунун 89 пайыз тургуну таза суу менен камсыз болду

28.01.2021 14:31
889
Сузак районунун 89 пайыз тургуну таза суу менен камсыз болду
Сузак районунун калкынын 89 пайызы таза суу менен камсыз болду. Мындай маалымат райондун жыл жыйынтыгын чыгарган коллегияда айтылганын өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Ага облус башчысы Абсаттар Сыргабаев, район акими Төрөгелди Түркбаев, айыл өкмөт жана меке-ишканалардын жетекчилери катышты. Өткөн жылы Сузак районунда 21 млн. 948 миң сомдук таза суу долбоору ишке ашырылган. Анын 7 млн. 567 миң сому жергиликтүү бюджеттен каржыланган. Калган сумма тургундардын жана донордук уюмдар тарабынан берилген. Жалпы узундугу 32,9 км. аралыкка түтүктөр жаткырылып, 13 суу скважина капиталдык ремонттон өтүп, экөө жаңыдан ишке берилген. Район боюнча республикалык дем берүүчү грантка жазылган 7 долбоор жактырылган. Анын суммасы 19 млн. 976 мин 600 сом болуп, басымдуу социалдык объекттерге жумшалган.

Аймакта пандемиянын кесепетинен бир катар тармактардын өсүү ыргагы артта калган. Алсак, район боюнча регионалдык дүң продукциянын көлөмү 14 млрд. 537 млн. 937 миң сомду түзгөн. Бул жалпы эсептин 88,8 пайызын ээлеген. Ал эми өнөр жай, кызмат көрсөтүү, товар жүгүртүү жана курулуш жаатындагы жумуштар солгундаган. Экономикалык өсүштөр айыл чарбасында 103,2 пайызды камсыздаган.

Райондо жыл ичинде 5 миң 366 жумуш орундары түзүлгөн. Ачылган жаңы ишканалардын саны 4. Өткөн жылы 1 миң 283 үй-бүлө жакырчылыктан чыгарылып, 218 балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк алынып берилген. Жыл жыйынтыгын уккан облус өкүлү райондун социалдык маселери арбын экенин белгиледи. 2021-жылы бардык тармактардагы иштин аткарылышы көзөмөлгө алынаарын айтып, ийгилик каалады.

Коллегияда кызмат көрсөткөн алдыңкы тармактар жана кызматкерлер сыйланды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн