Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 18:52
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Сузакта 100 миң сом талап кылган УКТнын мүчөсү "положенец" "Пахир Калла" кармалды

07.02.2022 13:15
752
Сузакта 100 миң сом талап кылган УКТнын мүчөсү  "положенец" "Пахир Калла" кармалды

Жалал-Абадда 31 жаштагы устаны коркутуп, 100 миң сом талап кылганга шектүү колго түшүрүлдү. Облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү.


Белгилүү болгондой, 17-январда Сузак районунун 31 жаштагы тургунунун устаканасына Баха аттуу жаран келип, колундагы бычагын мойнуна такап, балка менен бутуна, кабыргасына уруп "100 миң сом акчаны коюп кой" деп коркуткан. Мындан улам уста арыз менен милиция кызматкерлерине кайрылган. Аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 280-берене (бейбаштык) менен катталып, кылмыш иши козголгон.


"Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турган, Сузак районундагы өзбек диаспорасынын кылмыш чөйрөсүндөгү лидери (положенец), Пахир Калла каймана аты менен таанымал 1975-жылы туулган Б.Б. кармалды. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө ал мурда адам өлтүрүү жана башка бир нече беренелер менен соттолгондугу белгилүү болду. Жалал-Абад ОИИБинин тергөө кызматы тарабынан 5-февралда Б.Б. убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Анын баш коргоо чарасы бүгүн, 7-февралда Жалал-Абад шаардык сотунда каралат", - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн