Жетинин айы 26, 2024
Убакыт: 00:15
USD
86.65
87.15
EUR
90.50
91.50
RUB
0.830
0.875

Сузакта 25 гектар такталбаган тилкенин 18 гектары Өзбекстанга өтүп кеткени айтылды

28.05.2020 11:01
1283
Сузакта 25 гектар такталбаган тилкенин 18 гектары Өзбекстанга өтүп кеткени айтылды


Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кара-Дарыя айылында Өзбекстан менен чектешкен такталбаган тилкеде дыйканчылык кылып жаткан жергиликтүү эл арасында маселе пайда болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров бүгүн, 28-майда парламент жыйынында билдирди.


Анын билдирүүсү боюнча, ал жерде такталбаган 25 гектар жер бар. Учурда ошол 25 га жердин 8 гектары Кыргызстан тарапта калып, калганы Өзбекстанга берилгени тууралуу маалымат айтылып жатат.


Жергиликтүү бийликтин ушундай чечим чыгарганга ыйгарым укугу барбы? Ушундай такталбаган жерлерди ижарага алып, салыгын төлөп дыйканчылык кылып келген жергиликтүү эл сурап жатат. Ал каражаттар кайда кетип жатат? Ал жерге дыйкандар күрүч эгип келишкен экен”, - деди депутат.


Ошондой эле ал мамлекеттин бүтүндүгү үчүн бул маселени тезинен карап, чечим чыгарууну өкмөттөн суранды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн