Баш оона 21, 2025
Убакыт: 21:05
USD
87.10
87.60
EUR
101.20
102.20
RUB
1.080
1.110

Сузакта 43 жаштагы ата өзүнүн 19 жаштагы кызын зордуктаган

28.03.2023 14:23
957
Сузакта 43 жаштагы ата өзүнүн 19 жаштагы кызын зордуктаган

Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунда атасы өзүнүн 19 жаштагы кызын зордуктоого шектелип кармалды. Бул тууралуу  Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.


Билдирүүдө айтылгандай, райондук милицияга 2004-жылы туулган кыз арыз менен кайрылып, 2022-жылдын сентябрь айынын аягында үйүндө атасы 1980-жылы туулган Н.К. зордуктап койгондугун билдирген.


Бул факты Сузак РИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине "зордуктоо" беренеси менен катталып, кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.


Окуяга шектүү катары Сузак районунун тургуну 1980-жылы туулган Н.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.


Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн