Бугу 03, 2024
Убакыт: 22:26
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Сузакта 9 жыл мурда жасалган адам өлтүрүү фактысынын бети ачылды

16.02.2024 10:15
782
Сузакта 9 жыл мурда жасалган адам өлтүрүү фактысынын бети ачылды


Сузак районунда 9 жыл мурда жасалган адам өлтүрүү фактысынын бети ачылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

2015-жылдын 3-сентябрында Сузак районунун Кыр-Жол айылынын тургуну 1971-жылы туулган М.К.А.нын зомбулуктун белгилери менен жансыз денеси табылган.

Бул фактынын негизинде Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Бирок бул кылмыштын бетин ачууда ички иштер башкармалыгы тарабынан сегиз жылдан ашык убакыттан бери жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларында конкреттүү жыйынтык болгон эмес.

Бул ишке байланышту, өлтүрүлгөн М.К.А.нын жакын туугандары УКМКнын төрагасы генерал-лейтенант К.К.Ташиевге бул бул кылмышты жасаган адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча тыкыр иликтөө жүргүзүп берүү боюнча өтүнүч арызы менен кайрылган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ыкчам-иликтөө иш-чараларынын комплексин жүргүзүүдө, бул киши өлтүрүүнү жасаган адам аныкталып, ал маркумдун айылдашы, 1989-жылы туулган К.А.А. аттуу КР жараны аныкталып, мас абалында жана жеке кастыктын негизинде М.К.А.ны өлтүргөндүгүн мойнуна алган.

Кармалган К.А.А. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө камак жайына киргизилип, учурда бул кылмышка тиешеси бар болушу мүмкүн болгон башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн