Бугу 19, 2024
Убакыт: 11:08
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Сузакта УКМКнын кызматкерлери үчүн жаңы имарат курулду

30.08.2021 14:25
791
Сузакта УКМКнын кызматкерлери үчүн жаңы имарат курулду

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Сузак райондук бөлүмү жаңы имаратка көчүрүлдү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Жаңы жумушчу жайында атайын кызмат тийиштүү кызматтык милдеттерин аткарышы үчүн бардык шарттар бар.


Райондук бөлүм буга чейин эскилиги жеткен, ыңгайсыз имаратта иштеп келген. Бүгүн ачылган жаңы жайда УКМК кызматкерлери үчүн зарыл болгон бардык техникалык каражаттар да камсыздалган. Ачылыш аземине УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев башында турган УКМКнын жетекчилик кызмат өкүлдөрү, облустук жана райондук башкармалыктын кызматкерлери, жергиликтүү бийлик башчылары жана атайын кызматтын ардегерлери катышты.


УКМК башчысы К.Ташиев кызматкерлерге мындан ары да жетиштүү шарттарды түзүп берүү аракети улантылаарын, жакынкы күндөрү дагы бир катар райондук бөлүмдөргө жаңы имараттар тапшырылаарын билдирди. Керектүү жумуштук шарттарды тузуп берүү менен катар, коопсуздук комитетине коюлган кызматтык милдеттерди аткарууну талап кылуу да күчөтүлгөнү баса белгиленди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн