Бугу 02, 2024
Убакыт: 12:43
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.965

Сузакта адамдарды сабап, милициядан жашынып жүргөн жарандар кармалды

27.02.2023 18:09
424
Сузакта адамдарды сабап, милициядан жашынып жүргөн жарандар кармалды

Сузакта бейбаштыкка шектелип издөөдө жүргөндөр кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы билдирет.

 

Сузак райондук ички иштер бөлүмүнө Кызыл-Туу айыл аймагынын 48 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда 2023-жылдын 3-февраль күнү саат 16:00 чамасында Сузак районунун Мундуз айылында жайгашкан мал базарда 2 бир тууганын жана өзүн, сырттан тааныш болгон Абдулла, Абдыкалык, Абдумалик, Иса жана аттары белгисиз болгон 3 шериктери менен биргелешип көптөп сабашып, көзүнө таш менен уруп койгондугун билдирген.

 

Натыйжада алар денелеринен алган жаракаттарынан улам Жалал-Абад облустук ооруканасына жаткырылышкан.


Бул окуя боюнча топтолгон материалдар Сузак РИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен катталып, кылмыш иши козголгон.


Бул кылмыш иши боюнча 2023-жылдын 4-февралында Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагынын тургуну 1994-ж.т. Т.А. кармалып, Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына бир айга киргизилген.


Мындан сырткары милиция тарабынан бул окуяга шектелген 6 жарандын өздүктөрү такталган. Бирок тергөөнүн жүрүшүндө алар жүргөн жерлерин жашырып, тергөөгө келбей белгисиз болуп жаткандыгына байланыштуу аларга карата издөө жарыяланган жана сырттан айыптары угузулуп, Сузак райондук соттун сырттан камакка алуу түрү тандалган.


Буга чейин, кылмыш иш боюнча тергөө аракеттеринин жүрүшүӊдө 2023-жылдын 23-февраль күнү аталган кылмыш ишин жасагандыгы боюнча айыпталып издөөдө жүргөн Сузак районунун тургуну 1995-жылы туулган А.у М кармалып, Сузак РИИБдин УКИне киргизилип, 2023-жылдын 26-февраль куну анын бөгөт коюу чарасы катары Сузак райондук сотунун тергөө судьясы тарабынан 2 айлык мөөнөткө үй камак түрү тандалган.

 

Ошондой эле, Сузак РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн ыкчам кызмактерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, аталган кылмыш иши боюнча айыпталып, издөөдө жүргөн 1984-ж.т. С.А., 1989-ж.т. С.Б. жана 1990-ж.т. А.А. кармалышып, Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.


Учурда тергөө амалдары улантылып жатат.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн