Бугу 18, 2024
Убакыт: 22:59
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Сузакта адамды коркутуп акча талап кылып, ур-токмокко алгандар кармалды

Сузакта адамды коркутуп акча талап кылып, ур-токмокко алгандар кармалды


Сузакта адамды тоноого жана эркиндигинен мыйзамсыз ажыратууга шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 16-август күнү Ош облусунун Алай районунун тургуну К. уулу Т. арыз менен кайрылган.  Анда 2023-жылдын 7-августунан 8-августуна караган түнү Жалал-Абад облусунун Сузак районунун С.Атабеков айыл аймагында аны «Өткүр», «Алмаз», «Байэл», «Арзыбек» аттуу балдар бети-башына жана денесинин ар кайсыл жерлерине урушуп, күч колдонуп автоунаага салышып, 3500 сом акчасын тартып алышкан. Андан соң 2023-жылдын 13-август күнү саат 11:00 чамасына чейин аны Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Атабеков айыл аймагында караштуу бейтааныш үйдө мыйзамсыз коркутуп, акча талап кылып, кармап ур-токмокко алышкандыктарын билдирген.


Аталган маалымат 2023-жылдын 16-август күнү Сузак РИИБдин электрондук журналына катталып, 2023-жылдын 17-август күнү Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси (Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу)
негизинде кылмыш иши козголгон.


Кыргыз Республикасынын ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери жана Сузак РИИБдин оперкызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмыштын бети ачылып, кылмышка тиешеси бар атуулдарды аныктап андан кийин кармоо максатында ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, натыйжада төмөндөгү атуулдар кармалып, Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди: Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну, мурун соттолгон 2002-жылы туулган С.Б., ошол эле райондун тургуну 1999-жылы туулган М.уулу А. жана 2000-жылы туулган А.А.


Азыркы учурда жогорудагы кармалган атуулдардын үстүнөн мурда болгон бети ачыла элек кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу боюнча ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн