Бугу 03, 2024
Убакыт: 03:54
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Сузакта акыркы коңгуроо күнү мектеп окуучусунун бетине фейерверк тийген

29.05.2023 14:53
677
Сузакта акыркы коңгуроо күнү мектеп окуучусунун бетине фейерверк тийген


Сузак районундагы №16 орто мектепте 25-майда акыркы коңгуроо учурунда окуя болгон. Салют 8-класстын окуучусунун бетине тийген. Маалыматты Сузак районунун прокуратурасы тастыктады.


Анын айтымында, аталган факт райондук ички иштер бөлүмүндө катталган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Анын алкагында экспертиза дайындалды.


Туугандарынын айтымында, өспүрүм күйүк алып ооруканага жаткырылган. Баланын азыр көрүүсү начар.


Болгон окуяга байланыштуу Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевдин буйругу менен директордун милдетин аткаруучу жана директордун тарбия иштери боюнча орун басары кызматынан бошотулган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн