Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 18:28
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Сузакта аялдын кордолушу боюнча иш соттун кароосуна жиберилди

18.06.2020 15:35
1009
Сузакта аялдын кордолушу боюнча иш соттун кароосуна жиберилди


Сузак районунда аялынын моюнуна дөңгөлөк байлап, суу чачкан окуя боюнча иш соттун кароосуна жиберилди. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. 


"Бул факты Сузак РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан толук тергелип бүтүп, шектүүгө карата КРнын Жазык кодексинин 144-беренеси (Уруп-согуп кыйноо) менен айыбы угузулуп, өндүрүш иши 2020-жылдын 17-июнь күнү соттун кароосуна жиберилди", - деп айтылат маалыматта. 


Буга чейин аялын байлап, мыкаачылык менен сабаган киши милиция тарабынан кармалгандыгы маалымдалган. Окуя 8-июнь күнү саат 11:00 чамаларда Сузак районундагы айылдардын биринде орун алган. 


"Сузак районунун 1969-жылы туулган тургуну Б.З. үйүндө 1973-жылы туулган М.Д. аттуу аялынын моюнуна дөңгөлөк байлап, чакалап суу чачкан. Окуя боюнча М.Д. 11-июнь күнү Сузак РИИБге арызданган. Бул окуя Сузак РИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдктүү реестрине каттоого алынып,  КРнын Жоруктар жөнүндө кодексинин 75-беренеси менен үй-бүлөдөгү зомбулук болуп катталып, тиешелүү материалдар топтолгон соң, КРнын Жазык кодексинин 144-беренеси (Уруп-согуп кыйноо) болуп өзгөртүлгөн.  Күйөөсү Сузак районунун  тургуну Б.З. РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген", - деп маалымдаган милициядан.  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн