Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 19:30
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Сузакта аялын мыкаачылык менен сабаган кишиге сот кандай жаза берди?

02.07.2020 10:33
1191
Сузакта аялын мыкаачылык менен сабаган кишиге сот кандай жаза берди?


Сузак районунда аялын мыкаачылык менен сабаган киши күнөөлүү деп табылды. Бул тууралуу "Адилеттүүлүк" укук коргоо уюмунан билдиришти. 


Маалым болгондой, сот иши 2-июлда болуп, анда сот айыпталуучуну эки жылдык пробациялык көзөмөл иретинде жазага тартты. Ал сот залынан камактан бошотулду. 


Буга чейин ОИИБдин басма сөз кызматы Сузак районунда аялынын моюнуна дөңгөлөк байлап, суу чачкан окуя боюнча иш соттун кароосуна жиберилгенин маалымдаган. 


"Бул факты Сузак РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан толук тергелип бүтүп, шектүүгө карата КРнын Жазык кодексинин 144-беренеси (Уруп-согуп кыйноо) менен айыбы угузулуп, өндүрүш иши 2020-жылдын 17-июнь күнү соттун кароосуна жиберилди", - деп айтылган маалыматта. 


Пробациялык көзөмөл – бул соттолгон адамдарга сот тарабынан жүктөлгөн милдеттердин аткарылышына жана алардын жүрүм-турумуна көзөмөл жүргүзүү боюнча; аларды оң жолго салуу жана кайра социалдаштыруу, жүрүм-турумун түзөө, ошондой эле алардын жаңы укук бузууларды жасоолорун алдын алуу боюнча Мамлекеттик жазоо аткаруу органы тарабынан жасалуучу иш.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн