Сузак районунда балдар кызды ала качып кеткен. Бул тууралуу "Турмуш" басылмасы кабарлады.
Белгилүү болгондой, 12-апрелде кечки саат 21:30 чамасында А.Н. аттуу 2003-жылы туулган кызды 3 бала келип ала качкан. Алардын бирөө кыз менен тааныш болгон.
Бир канча убакыт жүргөндөн кийин алар кыздын макулдугун сураган. Бирок кыз каршы болуп туруп алгандыктан, балдар ошол жерде кызды унаадан түшүрүп таштап кеткен.
Бул иш боюнча кылмыш козголду. Кыз ата-энесине өткөрүлүп берилди.
Пикирлер (1)