Бугу 17, 2024
Убакыт: 14:19
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Сузакта бир топ жыл 15 жаштагы өгөй кызын зордуктаган жаран кармалды

05.01.2021 13:57
682
Сузакта бир топ жыл 15 жаштагы өгөй кызын зордуктаган жаран кармалды

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда өгөй атасы тарабынан зордукталган өспүрүмдүн энеси Райондук ИИБдин имаратынын жанында өзүн-өзү өрттөөгө аракет кылган. Милиция кызматкерлери аны токтотушкан. Бул тууралуу "Turmush" басылмасы жазды.


Аялдын айтымында, бул кылмышка күйөөсү күнөөлүү эмес,  У. аттуу күнөөкөр жоопко тартылбай жатат.


Райондун тургуну Г.Днын айтымында, 15 жаштагы өспүрүм У. атуу жаран тарабынан 13 жашынан баштап зомбулукка кабылган. Ал ушул күнгө чейин сот жообуна тартылбай жүрөт.

 " У. аттуу жаран менин кызымды  зордуктады. 2019-жылы мен ага каршы арыз жаздым, бирок ал кармалган жок.Эгер менен тосмо арыз жазсам, ата-энеси мага 75 миң сом, автоунаанын ачкычын көтөрүп келип, кызын келини кылып алабыз деди. Мен алардын сунушунан баш тартып, аларды үйдөн кууп чыктым. Менин кызымдын тагдыры ушул акчадан жана машинадан жогору турат. Кылмышкер мыйзам чегинде жазасын алышын кааладым, бирок анын ордуна күйөөм камалды. Азыр 5 баланы кантип багам, болгону 140 сом акчам калды?! Мага акыйкаттык керек, жолдошум менин кызыма тийишкен жок. Менин агам кызымды күйөөмө арыз жазууга мажбурлаган. Алардын  акчасы бар У.ну актап, коргоп жатышат», - дейт ал.

 Жабырлануучу энесинин сөзүн тастыктап, агасы аны өгөй атасына каршы милицияга көрсөтмө берүүгө мажбурлаганын айткан.


«Менин байкем мага өгөй атам камалса, анда мен алар менен (байкемдин жанында) жашайм, эч нерсе кылбайм деп айткан. Ошентип мен өгөй атама арыз жаздым. Өгөй атам мени деп көп урушчу», - деди кыз.


Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаевдин айтымында, өгөй атасынын өгөй кызы менен болгон сексуалдык мамилеси соттук-медициналык экспертизанын корутундусунда далилденген.

 "Жабырлануучу ар кандай көрсөтмөлөрдү берген, ошондуктан кызды энесинен тергөөгө чейин бөлүп алуу үчүн социалдык өнүгүү дирекциясына берилген социалдык коргоо жана башка жашап турууга уруксат суралган жок.

Өспүрүмдүн энеси 2019-жылдын 19-декабрында Сузак РИИБге арыз менен кайрылып, 2018-жылдын декабрь айында кызын У аттуу жигит зордуктап, кызыл тико менен алып кеткенин билдирген. Бул факт бирдиктүү реестрге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө учурунда арыз ээсинин көрсөтмөлөрү менен шектүүнүн көрсөтмөлөрү дал келген эмес. У. аттуу жарандын айтымында, ал 15 жаштагы жабырлануучу менен мурда тааныш болгон эмес. Кылмыш иши шектүүгө каршы далилдердин жоктугуна байланыштуу токтотулган.

 2020-жылдын 8-декабрында жабырлануучу өзү арыз жазган. Билдирүүдө 3-4 жыл бою аны өгөй атасы зордуктап, биринчи жыныстык катнаш аны менен болгон деп айтылган. Ошол эле күнү шектүү катары жабырлануучунун 1984-жылы туулган өгөй атасы кармалган. Эки күн бою ал убактылуу кармоочу жайга камалган.


10-декабрда райондук сот аны эки айга камакка алуу  баш коргоо чарасын тандаган. Алынган буюмдар боюнча жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгы боюнча, шейшептердеги бөлүкчөлөр кармалган адамга таандык экендиги далилденген. Өзүн өрттөөгө аракет кылган аял, күйөөсүн сактап калгысы келет. Өспүрүм күбөлөрүнүн көрсөтмөлөрүн тез-тез өзгөртүп тургандыктан, убактылуу социалдык коргоодо болсо жакшы болмок. Бирок ага карабастан ал апасы менен жашайт ", - деди Жээнтаев.


 Райондук эмгек жана социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары Жанарбек Ашимов белгилегендей, райондо реабилитациялык борбор жок, ошондуктан 15 жаштагы кызды жайгаштырууга мүмкүнчүлүк жок. Мындан тышкары, райондук мамлекеттик администрациясынын балдардын иштери боюнча комиссиянын мүчөлөрү кыздын тагдырын карап, аны апасына калтыруу чечимин кабыл алышты.


15 жаштагы кыз кош бойлуу жана дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн