Бугу 17, 2024
Убакыт: 14:35
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Сузакта дайынсыз болуп жаткан 15 жаштагы бала Оштон табылды

15.06.2022 16:33
592
Сузакта дайынсыз болуп жаткан 15 жаштагы бала Оштон табылды

Сузакта дайынсыз болуп жаткан өспүрүм Ош шаарынан табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.


Белгилей кетсек, Сузак районунун Винсовхоз айылынын 2007-жылы туулган тургуну Абдумалик Султанбаев 2022-жылдын 3-июнунда үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жок болуп жаткан.


Милициядан белгилешкендей, 10 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан уулун табууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен анын апасы М.Р. милицияга жана коомчулукка жардам сурап кайрылган.


Абдумалик Оштон милиция жана балдардын укугун бузуулардын алдын алуу борборунун кызматкерлери тарабынан табылып, Сузак РИИБнин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.


Учурда Абдумалик ата-энесине өткөрүп берилди. Өз кезегинде, анын ата-энеси милицияга ыраазычылыгын билдирип өттү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн