Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 15:19
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Сузакта диний адабияттарды жашыруун чыгарып жүргөн басмакана аныкталды

19.05.2022 17:06
365
Сузакта диний адабияттарды жашыруун чыгарып жүргөн басмакана аныкталды


УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында террористтик жана экстремисттик аракеттерге каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, үстүбүздөгү жылдын 17-майында Жалал-Абад облусунун Сузак районунда диний адабияттарды уруксаатсыз даярдоо жана жайылтуу боюнча жашыруун басмакана аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.


     КРнын Б.А.К. аттуу жаранынын жашаган жеринде тинтүү жүргүзүү учурунда басып чыгаруучу жабдуулар, компьютерлер, принтерлер жана 5 миңден ашык диний адабияттар табылып алынды. 


 Ошол эле учурда басмакананын ээсинин диний адабияттарды чыгарууга уруксат кагаздары, тиешелүү маркировкалары жок, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын диний экспертизасынан жана текшерүүсүнөн өткөн эмес.


        Тинтүү учурунда алынган диний адабияттар теологиялык экспертизага жөнөтүлдү.

        Азыркы учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн