Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 18:24
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Сузакта добуш сатып алуу аракети катталганбы?

10.01.2021 19:17
671
Сузакта добуш сатып алуу аракети катталганбы?

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда добуш сатып алуу фактысы болгондугу айтылууда. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында ыкчам чара көрүү боюнча координациялык топтун мүчөсү, БШКнын мүчөсү Тынчтыкбек Шайназаров билдирди.


Анын айтымында, саат 17:10гө карата ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобуна бузууларга бацланыштуу 32 кайрылуу келип түштү.


"Буга чейин саат 15:00дө добуш сатып алуу, админресурсту колдонуу фактысы катталган жоктугун билдиргенбиз. Бирок "Жалпы иш" коомдук фонд тарабынан №2057 шайлоо тилкесинде белгисиз адамдар акча таратып жүрөт деген маалымат түштү. Учурда ички иштер органдары жеринде тиешелүү иштерди алып барууда", - дейт ал.


Шайназаров кошумчалагандай, Чүй облусуна караштуу Курама айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучунун үстүнөн адамдарды массалык ташууга буйрук бергендиги тууралуу маалымат келди. Бул маалымат да учурда текшерилүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн