Бугу 03, 2024
Убакыт: 01:39
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Сузакта издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Сузакта издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Сузак милициясы денеге оор залал келтиргени үчүн издөөдө жүргөн жаранды кармады, деп билдирет Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан.


Маалыматка ылайык, өткөн жылы 18-октябрда Сузак районунун 47 жаштагы тургуну Д.К. ушул эле райондун 1955-жылы туулган тургуну Ж.М.ди уруп, денесине оор залал келтирген.


Жогорудагы окуя боюнча Сузак РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Сузак районунун 67 жаштагы тургуну Ж.М.нын арызынын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесине ("Ден соолукка оор залал келтирүү") ылайык кылмыш иши козголгон.


Аталган кылмыш ишинин алкагында 3-январда шектүүгө карата издөө жарыяланып, издөө иштери башталган.


Сузак РИИБдин жана ИИМдин 7-Башкы Башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн издөө, ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында үстүбүздөгү жылы 17-январда Сузак районунун 1975-жылы туулган тургуну (мурда ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган) Д.К. кармалып, райондун убактылуу кармоочу жайына киргизилген.


Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн