Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 13:53
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Сузакта каза болгон дарыгер коронавирус жуктурган эмес, - министрлик

06.04.2020 09:10
974
Сузакта каза болгон дарыгер коронавирус жуктурган эмес, - министрлик


Сузак районунда каза болгон дарыгер коронавирус жуктурган эмес. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.  


Маалыматка ылайык, 3-апрель күнү Сузак аймактык ооруканасында  64 жаштагы Б.А.  аттуу дарыгер каза болгон. Анын өлүмүнө "пневмония" дарты менен көп жылдан бери жабыркап келгени себеп болгон. Каза болгон дарыгер оор абалда 31-мартта ооруканага түшкөн.  Бейтап келгенде абалы өтө оор болгондуктан реанимациялык бөлүмгө кабыл алынган. 


"Көрсөтүлгөн жардамга карабастан, бейтап үстүбүздөгү жылдын 3-апрелинде көз жумду. Өлүмдүн себеби бейтаптын ооруканага өз убагында кайрылбай, өз алдынча дарыланганынан улам пневмония өтүшүп, дем алуунун начарлоосу, өпкө артериясынын тромбоэмболиясы келип чыккан", - деп айтылат маалыматта. 


Белгилей кетсек, буга чейин айрым социалдык тармактын колдонуучулары Сузакта коронавирус илдетинен бир дарыгер каза болду, аны жашырып жатышат деген маалыматтарды жазып чыгышкан эле.  


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн