Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 20:59
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Сузакта кызыл китепке кирген ак кунастарды атып, сүрөткө түшкөн жигит кармалды

06.08.2020 11:50
1828
Сузакта кызыл китепке кирген ак кунастарды атып, сүрөткө түшкөн жигит кармалды


Сузак районунун милициясы кызыл китепке киргизилген ак кунастарды аткан жаранды кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаменти тарабынан ак кунастарды аткандарга чара көрүү үчүн Жалал-Абад ОИИБге кат жолдонгон. Аталган каттын негизинде облустук милиция тарабынан ШРИИБдерге маалымат жеткирилген. Жогорудагы маалыматтын негизинде Сузак РИИБдин Жоруктар жөнүндө иштер боюнча бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө, издөө иштеринин натыйжасында ак кунасты аткан жаран аныкталган.


Окуя 30-июль күнү саат 14:30 чамасында Сузак районунун Кара-Дарыя айыл аймагында орун алган. Сузак районунун 1997-жылы туулган тургуну Э.Э. өзүнө таандык сайсыз ок атуучу курал менен Кара-Дарыя дарыясынын жээгинде учуп бара жатышкан, кызыл китепке киргизилип, коргоого алынып, атууга жана жок кылууга тыюу салынган 3 даана ак кунасты (белый аист) атып, сүрөткө түшкөндүгү такталган. 


Кийин бир тууган иниси 2000-жылы туулган Э.Ж. келип, атылган ак кунастарды кармап, өзүнүн уюлдук кол телефонуна сүрөткө түшүп, социалдык тармакка чыгарып жиберген.  Бул факты боюнча топтолгон материалдар 5-август күнү Сузак РИИБдин КЖБРне КРнын Жоруктар жөнүндө кодексинин 144-беренеси (Жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү жок кылуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.


Аталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, схемалары жана фото таблицалары түзүлгөн. Ошондой эле Э.Э. ак кунастарды аткан сайсыз ок атуучу курал акт түзүлүп алынып, соттук-баллистикалык экспертиза дайындалган. 


Учурда жогорудагы сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн