Бугу 17, 2024
Убакыт: 18:19
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Сузакта коронавирус катталган айылдарга блок-посттор коюлду (видео)

18.03.2020 14:47
936
Сузакта коронавирус катталган айылдарга блок-посттор коюлду (видео)


Сузак районунун карантин жарыяланган Бостон, Благовещенка жана Орто-Азия айылдарында 19 жерге блок-посттор орнотулду. Мындай маалыматты облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Кылыч Жолдошев Жалал-Абадда өткөн басма сөз жыйынында билдирди.


"Аталган айылдарда адамдардын кирип чыгышына чектөө киргизилди. Сыртан келген адамдар болсо артка кайтарылып жатат. Жергиликтүү тургундарга бул боюнча тушүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Кырдаалга байланыштуу блок-посттордун саны дагы көбөйүшү мүмкүн", - деди Жолдошев.


Белгилей кетсек, бүгүн, 18-мартта Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 3 тургундан коронавирус илдети табылганын Саламаттыкты сактоо министри кабарлаган болчу.  


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн