Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 19:29
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Сузакта күйөсүнөн запкы чеккен аялга жолугуп келдим, - өкмөт өкүлү

18.06.2020 14:13
959
Сузакта күйөсүнөн запкы чеккен аялга жолугуп келдим, - өкмөт өкүлү

 

Сузакта күйөсүнөн запкы чеккен аялдын баласы, туугандары менен көзмө-көз сүйлөштүк. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков 18-июндагы брифингде  билдирди.


Анын айтымында Сузакта жолдошунан кордук көргөн аял менен барып сүйлөшүп, медициналык, психологиялык жактан жардам сунуштаган.


"Окуяга туш болгон үй-бүлөгө, жабырлануучуга өзүм барып жолугуп келдим. Анын баласы жана туугандары менен баарлаштык. Кордукка кабылган жаран менен дагы жолугуп, ага кандай жардам керек болсо кайрылуусун айттык. Окуя укук коргоо органдары тарабынан иликтенип жатат. Биз тараптан колдон келишинче жардам көрсөтүлдү. Ал үй-бүлө менен учурда тыгыз байланыштабыз" , - деди өкмөт өкүлү.


Белгилей кетсек,  8-июнь күнү саат 11:00 чамаларда Сузак районундагы айылдардын биринде 51 жаштагы Б.З. аттуу киши 47 жаштагы М.Д. аттуу аялынын моюнуна дөңгөлөк байлап, чакалап суу чачып, кордук көрсөткөн. Шектүүгө карата 75-беренеси менен үй-бүлөдөгү зомбулук болуп катталып, тиешелүү материалдар топтолгон соң, Жазык кодексинин 144-беренеси (Уруп-согуп кыйноо) болуп өзгөртүлгөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн