Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 13:24
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.845
0.885

Сузакта мыйзамсыз менчиктештирилген 2 кабаттуу бала бакча мамлекетке кайтарылды

13.12.2021 11:56
494
Сузакта мыйзамсыз менчиктештирилген 2 кабаттуу бала бакча мамлекетке кайтарылды


Жалал-Абад областынын Сузак райондук прокуратурасы тарабынан Ленин айыл өкмөтүндө жайгашкан баасы 17 568 000 сомду түзгөн балдар бакчасынын имараты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.


"Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, аталган 2 кабаттуу бала бакча 0,42 га. жер участогу менен Жалал-Абад областтык мамлекеттик мүлк фондунун 1993-жылдын 30-апрелиндеги токтомунун негизинде “Ж.Ш.” акционердик коому тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилгендиги аныкталган.


Аталган социалдык объектини мамлекетке кайтаруу максатында, райондук прокуратура тарабынан сот органдарына доо арыз келтирилип, жыйынтыгында доо арыз толугу менен канааттандырылган",- деп айтылат маалыматта.


Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде, баасы 17 568 000 сомду түзгөн балдар бакчасынын имараты 0,42 га. жер аянты менен бирге муниципалдык баланска кабыл алынды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн