Бугу 17, 2024
Убакыт: 13:17
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Сузакта мыйзамсыз түрдө аялдарга диний билим берген мекемеге айып салынды

22.02.2023 11:50
490
Сузакта мыйзамсыз түрдө аялдарга диний билим берген мекемеге айып салынды

 Сузак районунун аймагында мыйзамсыз диний билим берүүчү борбордун ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.


 

  2023-жылдын 16-февралында КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча Башкы башкармалыгы тарабынан жарандарды экстремисттик жана террористтик аракеттерге тартуунун алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чаралардын алкагында, Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл аймагынын Мундуз айылындагы “Чолпонай” диний билим берүү борборунун мыйзамсыз ишмердүүлүгү аныкталып, бөгөт коюлду. 


 Текшерүү иштеринин жыйынтыгында, бул диний окуу борбору 2022-жылдын ноябрында, Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын "Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө" 8, 10 беренесин бузуу менен негизделгени аныкталган. 

  Диний борбордо үч мугалим эмгектенип, 30га жакын жергиликтүү тургундар (аялдар) билим алышкан. Сабактар жумасына эки жолу өткөрүлүп, алар Курандын негиздерин жана исламий укук илимин үйрөтүшөт. Ошол эле учурда мугалимдердин жогорку диний билими жок болуп чыккан.


  Текшерүүнүн жыйынтыгында диний окуу борборунун ишмердүүлүгү токтотулуп, Кыргыз Республикасынын 142 кодексинин 1-бөлүгү “Укук бузуулар жөнүндө” беренесине ылайык тиешелүү актылар түзүлүп, 5500 сом өлчөмүндө айып салынды.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн