Чын курандын 08, 2025
Убакыт: 18:20
USD
87.00
87.50
EUR
95.20
96.20
RUB
1.010
1.050

Сузакта мыйзамсыз жер саткан мурдагы айыл өкмөтү кармалды

31.03.2022 10:33
517
Сузакта мыйзамсыз жер саткан мурдагы айыл өкмөтү кармалды

Жалал-Абад областык прокуратурасынын тергөөчүлөрү тарабынан Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы К.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.


Тергөөнүн жүрүшүндө, айыл өкмөт башчысы К.М. жер мыйзамдарын бузуу менен жасалма документтерди колдонуп, сугат айдоо категориясына кирген жер тилкелерин өзүнө тийиштүү болгон адамдарга жеке менчик турак-жай куруу үчүн токтом чыгарып, андан соң жогорудагы жер тилкелер үчүнчү жактарга сатып жибергендиги аныкталган.  


Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн