Бугу 03, 2024
Убакыт: 04:14
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Сузакта "жылаңач сүрөттөрүңдү таратам" деп опузалап акча талап кылган аялдар кармалды

13.02.2023 14:32
1662
Сузакта "жылаңач сүрөттөрүңдү таратам" деп опузалап акча талап кылган аялдар кармалды

Сузакта “жылаңач түшкөн сүрөттөрүңдү интернетке таратам” деп шантаж кылып, опузалагандар кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, облустук милицияга Сузак районунун 31 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Арыз ээси 2022-жылдын декабрь айынын ортолорунда Жалал-Абад шаарында такси кылып жүрүп, бир аял менен таанышкандыгын, ал менен социалдык тармакта сүйлөшүп жүргөндүгүн билдирген.


"Бул учурда аял “жылаңач сүрөтүңүздү жөнөтүңүз” деп сактап алып, кийин аларды интернетке таратам деп коркутуп, акча талап кылып жүргөн. Аял өзүнүн дагы бир шериги менен акча талап кылуусун токтотпой, кийим-кече, үй-тиричилик буюмдарын алдырып, карыздарын төлөтүп, жалпы суммасы 187 миң сом акчасын коркутуп алышкан. Алар азыркы учурда дагы токтоп калбастан коркутуп, акча талап кылып жатканын билдирип, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган", - деп айтылат билдирүүдө.


2023-жылдын 10-февралында аталган факт Жалал-Абад облустук милициясынын Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин ("Опузалап талап кылуу") негизинде катталып, кылмыш иши козголгон.


Жалал-Абад ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын (ЭММКАК) кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында аталган кылмышка шектелип Сузак районунун Сузак айыл аймагынын тургуну 1983-жылы туулган М.Н. жана Жалал-Абад шаарынын Курманбек кичи районунун тургуну 1987-жылы туулган Р.М. кармалган. Алардан опузалап талап кылган 15 миң сом акча жана WhatsApp тиркемесинде жазылган видео, аудио жана текст жазуулары алынган.


Мындан сырткары, тергөөнүн жүрүшүндө аталган ишке Сузак айылдык кеңешинин депутаты 1980-жылы туулган А.А. жана Сузак районунун Сузак айыл аймагынын тургуну 1990-жылкы А.Б. шериктеш болуп жүрүшкөндүгү такталган.


Жалал-Абад облустук милициясы жогорудагы кылмыш ишине шектүүлөрдөн жабыр тарткандарды (03722) 5 15 12 номерине кайрылышса болорун эскертет.


Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Акмак аялдарга өздөрүнө олчойтуп штраф салгыла.Уят эле үй бүлөөсүнүн , тууган укуктарынын, дос душмандарынын бетин кантип каражат. Эркек кишинин жылаңач сүрөтүн кантип сурашты
Акмак , тартиби жок , көчөдө калган аферисттер экен. Штраф салгыла Бетин ачык эле койгула.
Куйдум чок
Эч кимге сүрөтүңөрдү салбагыла э!