Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 09:14
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Сузакта сабалган аялга кысым көрсөтүлүүдө

16.06.2020 15:51
1026
Сузакта сабалган аялга кысым көрсөтүлүүдө


Сузак районунда күйөөсү тарабынан сабалган аял экинчи топтогу майып. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Сузак районундагы башкармалыгынын өкүлү Абдикерим Мусаев билдирди. 


Анын айтымында, аялдын туугандары кордогон күйөөсү жазалансын дешет. Ал эми эркектин туугандары аны коргоп калууну көздөшүүдө. 


"Окуя тууралуу кенен айтып берүүгө аялга анын 24 жаштагы уулу жол бербей жатат, ага дагы атасынын туугандары моралдык кысым көрсөтүшүүдө", - деди ал. 


Анын пикиринде күйөөсү тарабынан көрсөтүлгөн зомбулук оор кесепеттерге алып келиши ыктымал. 


"Аял эки жыл мурун жүрөгүнөн операция болгон", - деди "Адилеттүүлүк" укук коргоо уюмунун Жалал-Абад облусундагы өкүлү Бактыкан Жапарова.


Буга чейин Сузак районунда күйөөсү тарабынан зордук-зомбулукка кабылган аял тосмо арыз жазганын ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришкен. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн