Катуу жааган жаандын кесепетинен Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын, Жашасын, Жаңы-Булак айылдарында сел жүрүп, турак-үйлөрдүн короолорун каптады. Бул тууралуу "7-канал" ӨКМнин басма сөз кызматына таянып билдирди.
Маалыматка ылайык, селдин кесепетинен Талаа-Булак жана Көк-Булак айылдарынын ички чарбалык унаа жолуна, көпүрөгө зыян келтирилген. Тактоо үчүн жерине Сузак райондук Өзгөчө Кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам тобу тартылды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн