Сузак районунда токтобой жааган жамгырдан улам сел кетип короолорду суу басты. Бул тууралуу"Азаттык" үналгысы кабарлады.
Селден улам 90дон ашык коюн жоготкон адамдын айтымында, мурда мындай апааттуу сел келген.
"Мурда дагы сел келет эле. Короо ылай толсо сүрдүрүп тазалап коёт элем. Эки күн мурда тазалатканмын. Бирок кечээги селден 20 күндүк козуларым, койлорум өлүп калды. Жалпы чыгым 2 миллиондон ашат",- деди селден жабыркаган Нурлан Кокуев.
Мындан сырткары, бул селден айылдын 25 турак-үйү жабыркап, алардын да сарай, короолоруна суу толгон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн