Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районундагы Маркай айылында жайгашкан шахта урап, эки адам калып калган. Бул тууралуу КР ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.
Билдирүүгө ылайык, жерине саат 14:45те ӨКМдин беш куткаруучусу, Сузак райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 1 офицер жана тез жардам кызматынан 1 бригада тартылган.
Учурда куткаруучулар кырсык болгон жерде 2 жаран шахтанын ичинде калганын аныктап, куткаруу иштери жүрүп жатат. Бир жаран тез жардам унаасы менен облустук ооруканага жиберилди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн