Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 12:50
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Сузакта социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

08.12.2021 14:37
922
Сузакта социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

 Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын Сузак району боюнча калкты социалдык жактан тейлөө бөлүмүнүн башкы адиси кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.


УКМК тарабынан мамлекеттик органдардагы коррупцияны аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу иш-чараларынын алкагында, пара алып жаткан жеринен Жалал-Абад облусунун Сузак району боюнча калкты социалдык жактан тейлөө бөлүмүнүн башкы адиси кармалды.


2021-жылдын 6-декабрында Сузак районунун тургуну, Сузак райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкери жаш балдарга пособия алуу үчүн берилген арыздарды кароо жана каттоо үчүн акча каражатын опузалап талап кылып жатат делген арыз менен КР УКМК кайрылган.


Буга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын Сузак району боюнча башкармалыгында коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюу максатында, арыздын материалдары КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмүндө (Опузалап пара алуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.


2021-жылдын 7-декабрында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, пара алып жаткан жеринен Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын Сузак району боюнча калкты социалдык жактан тейлөө бөлүмүнүн башкы адиси “М.Э.С” кармалды.


Азыркы учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн