Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 06:49
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Сузакта сууга түшүү боюнча эскертүүлөр берилди

06.08.2020 17:56
969
Сузакта сууга түшүү боюнча эскертүүлөр берилди


Сузак РИИБ тарабынан аптаптуу күндөрү суу кырсыктарынан алдын алуу максатындагы түшүндүрүү иштери улантылууда. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. 


 Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери район аймагында сууга түшүүчү жайларды көзөмөлгө алып жатышат. 


"Шар аккан каналдардын тосмолоруна сууга түшкөн жаш балдарга жана ата-энелерине эскертүүлөр берилди. Өспүрүмдөрдүн өмүрүнө коркунуч алып келген жайларда сууга түшүүгө мүмкүн эместиги жеткирилди. Ата-энелерге өз балдарын ар дайым көзөмөл кылуу керектиги, алардын өмүрү баарынан кымбат тураары айтылды", - деп айтылат маалыматта. 


Буга чейин райондук милиция тарабынан сууга түшүүгө кооптуу деп эсептелген аймактарга эскертүү белгилери орнотулган.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн