Кулжа 26, 2024
Убакыт: 17:29
USD
86.40
87.30
EUR
92.30
93.30
RUB
0.960
1.000

Сузакта талапкер Аллаяр Бостоновдун апасы биринчи болуп добуш берди (видео)

04.10.2020 11:11
1625
Сузакта талапкер Аллаяр Бостоновдун апасы биринчи болуп добуш берди (видео)


Сузак районуна караштуу Кара-Дарыя айыл өкмөтүндөгү №2002 шайлоо участогунда биринчилерден болуп жергиликтүү тургун Жылдыз Бостонова добуш берди.

Ал Маткеримов атындагы мектепте жайгашкан шайлоо тилкесине саат 08:00дө келип, жарандык милдетин аткарды.

Жылдыз Бостонова “Биримдик” саясий партиясынан Жогорку Кеңешке талапкер Аллаяр Бостоновдун апасы.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Ага 16 саясий партия ат салышууда. Шайлоого карата жалпы 2 миң 475 шайлоо тилкеси даярдалып, анын ичинде чет мамлекеттерде 45 шайлоо тилкеси ачылган. Шайлоочулардын тизмесине 3 млн 523 миң 532 киши киргизилген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн