Сузак районунда тойдон кийин бир топ адам ууланып ооруканага кайрылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, алгачкы адамдар 11-октябрда ооруканага кайрылган.
Жалпы 66 адам тамакка ууланып кайрылган. Алардын ичинен алтоо ооруканага жаткырылган. Үчөө жаш бала.
Алар тойдо тартылган эттен ууланганы айтылды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн